Turmush — Жумгал районунда «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун көргөзмө-жармаңкеси өткөрүлүп, ага жалпы жүзгө чукул асыл тукум майда жандыктар алынып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Чаек айылынын тургуну Калыс Тасынбековдун айтымында, 20 жылга чукул убакыттан бери атасы Тасынбек Токтоналиев менен бирге асыл тукум мал-жандыктарды багып келет. Ал бул көргөзмө-жармаңкеге «Генерал» аттуу козусун алып келген.
«Булар азыр эле чыга калган жок. Биздин короодо 2003-жылдан бери селекция жүрүп келет. Бул болсо 1 жаштагы козу, февраль айында тартканда 114 кг болгон. Атам биздин эле Арал айылынан чоң койлорду сатып келип, аларга Казакстандан алынып келген кочкорду кошкон. Ал кочкорду ижарага алган. Бул козу ошол кочкордун небереси. Муну эми 10 миң долларга да сатпайбыз. Себеби, мындай кочкорду таба албайбыз. Ушундай эле козуларды 36-40 миң доллар деп жатышат.
Негизи башында бука, жылкы кармап жүрчүбүз. Анын барын токтотуп, ушул кой менен эле калдык. Атам убагында эмгек кылып коюп, азыр анын үзүрүн көрүп жатабыз», - дейт К.Тасынбеков.
Мындай көргөзмө-жармаңке Жумгал жергесинде экинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы да ушундай эле иш-чара уюштурулуп, бирок анда аз санда гана кой-кочкорлор алынып келген. Фермерлердин айтымында, «Арашан» кой-кочкорлорун Кыргызстандын бардык шартында бакса болот.
Чаек айылынын тургуну Жумабек Койчумановдун айтымында, ал дагы акыркы 4-5 жылдан бери асыл тукум мал-жандыктарды багууга өткөн.
«Буга чейин өзүбүздүн кыргыз койлорун кармачубуз. Биз дагы ушул кой-кочкорлорго кызыгып, анан алып келдик. Мисалы, бул койдон 100 кой баксак, 500 жөнөкөй койдон дагы кирешелүү болот. Экинчиден жайыттарды сарамжалдуу пайдаланабыз. 1000 койду айдап чыгып, жайыттын баарын тебелетпей, аз санда асыл тукум кой чыгарсак пайдалуу», - дейт Ж.Койчуманов.
Уюштуруучулардын айтымында, асыл тукум мал-жандыктардын тукумдары август айынан баштап сатыкка чыгат. Анда 4-5 айлык козулар 20 миң сомдон сатылса, эң чоңу дегени 50 миң сомдон сатылат. Ал эми 1 жаштагы козулар 70-100 миң сомго чейин бааланат.
Көргөзмөнүн соңунда 2 жана 4 тиши бар койлор менен чоң кочкорлордун тулку бою, кулагынын узуну менен салмагы ченелип чыкты. Анын жыйынтыгында «Генералдын» салмагы 125 кг чыгып, 1 жаш козулар арасында 1-орунду жеңип алды.
«Кыргыз койчулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбековдун айтымында, былтыр 15-апрелде «Арашан» породасы каттоодон өткөн.
Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.
Белгилей кетсек, Жумгалда «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордон тышкары гиссар, Эдилбай, меринос тукумундагы койлорду кармагандар бар.