Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 29.08.2019 10:50

Аравандагы айылдарда үй жана сарайлар өрттөнүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунун Араван айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен үйдүн 135 чарчы метр чатыры жана үй буюмдары күйдү. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам чыккан.

Араван районунун Найман айылындагы үйдүн 32 чарчы метр чатыры жана короодо жыйылган 300 түк чөп күйүп кетти.

Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагынын Обком айылындагы үйдүн короосунда 170 түк чөп күйүп, өрт кошуна сарайга өткөн. Анын кесепетинен жыгач устунду шифер жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 500 түк чөп, 2,5 тонна көмүр, 2 тонна арпа жана 1,5 тонна тезек өрттөнүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×