Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 20.08.2019 14:36

Араванда айыл өкмөт башчынын үйү өрттөндү. Сүрөт

Turmush -  Араван районунда Маңгыт айыл өкмөтүнүн башчысынын турак үйү өрттөнүп кетти. Бул маалыматты Араван райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Бегали Жолдошов тастыктады.

Анын айтымында, өрт электр тогу менен иштей турган мештен чыккан. Ал күйгүзүлгөн бойдон калып, өрт чыкканда үйдө эч ким болгон эмес. Анын кесепетинен турак үйдүн 420 чарчы метри, тактап айтканда 5 бөлмөсү өрттөнгөн.

Окуя кечээ, 19-августта болгон. Өрт өчүрүү кызматына маалымат саат 20:08де түшүп, алар өрт чыккан үйгө 14 мүнөттө жетишкен.

Айыл өкмөт башчы Азиз Абдуллаевдин айтымында, үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Чакан там гана өрттөнгөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Маңгыт айылында турак үй өрттөнгөнүн жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×