Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 16.08.2019 10:52

Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен адамдын денеси табылды

канал, суу, чөгүү, утонул
канал, суу, чөгүү, утонул

Turmush -  Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен адамдын денеси 15-августта табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1977-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши каналга 14-августта чөгүп кеткен. Издөө иштерин улантуу үчүн 15-август күнү 10 куткаруучу тартылган. Алар саат 14:10 чамасында анын денесин таап чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×