Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 05.07.2019 18:01 На русском

Араванда 7 адам итке таланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунда 7 адамды ит тиштеп, ооруканага кайрылышты. Бирок бул тууралуу облустук санитардык-эпидемиологиялык борбордун кабары жок, деп билдирди Араван аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Усманжан Мамажанов.

2-июль күнү түнкү саат 23:00 чамасында 5 адам иттен жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Ал эми 3-июль күнү дагы 2 адам итке таланып, дарыгерлерден жардам сурашкан. 7 бейтаптын экөө жаш балдар. Иттен жабыркагандарга дарыгерлер өз убагында жардам көрсөтүп, кутурмага каршы эмдөө жасашкан.

Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Ал эми облустук санитардык-эпидемиологиялык борбордун маалыматына караганда, аларга ит тиштеген факт боюнча Араван районунан маалымат түшкөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×