Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 23.06.2019 10:02

Жаш талант: Аравандык окуучу А.Мансуров өзү жасаган нерселер менен сынактарда ийгиликтерге жетишип жатат

Turmush -  Араван районуна караштуу Төбө-Коргон айылынын 17 жаштагы тургуну Айбек Мансуров өзүн-өзү башкаруучу унаанын макетин жасады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин өзүн-өзү башкаруучу күнөскана жана башка буюмдардын макеттерин жасаган. Жасагандары менен облустук, республикалык, эл аралык сынактарда башкы орундарды алган.

«Мен мындай өзгөчө нерселерди жасаганга 8-классымда кызыгып баштагам. Ошол учурда 7-класстын окуучулары өзгөчө табылгаларды жасап, Ош шаарына олимпиадага барып келишкен. Ошондо менде атаандаштык пайда болгон. Менден кичүү класстар жасап жатса мен эмнеге жасай албайм деп, алгачкы жолу картон кагаздан унаа жасагам. Андан кийин эле күнөскана жасадым. Ардуино деген аппаратты мониторго улап коюп, күнөскананын ичиндеги температураны башкарса болот. Ичиндеги жылуулукту бирдей кармап турууга болот. Күнөсканалардын ичиндеги өсүмдүктөрдүн жакшы өсүшү анын температурасы бирдей турганына байланыштуу. Ошондуктан бул негизги нерсе деп ойлойм. Ушул эле күнөскананын макети менен облустук, республикалык жана эл аралык сынактарда биринчи орундарды алып келдим. Андан кийин 2018-жылы декабрь айында өзүн-өзү башкаруучу унаа ойлоп таптык. Аны 2019-жылы январь айынын аягында жасап бүтүрдүк», - деди ал.

Айбек бул өзгөчө нерселерди жасоодо бир гана өзүнүн эмгеги кетпегенин айтат. Өзүн-өзү башкаруучу унааны ойлоп табууда башка 3 окуучунун салымы да чоң.

«Мен бул унааны жалгыз өзүм жасаганым жок. Аны жасоодо биздин тайпадагы балдардын да салымы чоң. Физика мугалимибиз Мухое Садикова эже көп жардам берген. Каржы маселесине келсек олимпиадаларга барганда жол кире Төбө-Коргон айыл өкмөтү тарабынан каржыланат. Унааны жасоодогу каражаттарга мен окуган Мухаммед Саид гимназия мектеби, балдар чыгармачыл борбору жардам берген. Унааны жасоого 10 миң сом кетти. Керектүү нерселерди Бишкектен алдырганбыз.

Жайкы эс алууда жакшы эс алып, жаңы окуу жылына жакшы дем менен барайын деп жатам», - деди жаш уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×