Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 21.06.2019 10:31

Аравандагы каналга 2 адам чөгүп кетип, денелери табылбай жатат

Turmush -  Кечээ, 20-июнда Араван районунун Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк Фергана каналына 2 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:50 чамасында болгон. Каналга 1 эркек адам менен 1 аял түшүп кеткен. Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер тартылган. Бирок табылган жок. Аларды издөө иштери бүгүн, 21-июнь күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×