Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 18.06.2019 11:56 На русском

Ошто жыл башынан бери 5 жаш бала сууга чөгүп каза болгон

Turmush -  Ош облусунун аймагында соңку 6 айдын ичинде 5 бала сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 12-14-июнь күндөрү Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери С.Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында сууга түшүү боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Аталган иш-чарага өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор дагы катышып, жаш балдардын арасында түшүндүрүү иштерин уюштурушкан.

Жай мезгилинде жаш балдар жана өспүрүмдөр ата-энелердин жана улуу кишилердин көзөмөлү жок көлмөлөрдө, дарыяларда, көлдөрдө жана башка жайларда сууга түшүшөт. Ошондуктан өспүрүмдөрдүн арасында сууга чөгүп кетүү коркунучу жаралат. Андыктан укук коргоо кызматкерлери кырсыктарды алдын алуу жана ата-энелерге эскертүү максатында атайын баракчаларды таратышкан.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, мындай иш-чаралар облустун бардык аймактарында өткөрүлөт.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×