Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 16.06.2019 08:08

Араванда сууга агып кеткен кызды куткарып калган окуучу сыйланды

Turmush -  Араван районунда сууга агып бара жаткан 2 жаштагы кызды куткарып калган окуучу сыйланды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-июнь күнү Араван районунун С.Юсупов айыл аймагында 6-класстын окуучусу Мыктыбек Усаров 2 жаштагы Нуркыз Полотованы үйүнүн жанындагы каналда агып бара жаткан жеринен куткарып калган.

Мыктыбектин айтымында, үйүнүн жанындагы агып өткөн суудан баланын ыйлаган үнүн уккан. Чуркап барып, суудан кызды алып чыгып, атасын чакырган. Жумуш кылып жаткан атасы кошуналарын чакырып, Нуркызга жардам көрсөтүп, андан соң Араван райондук ооруканасына алып барышкан.

Ош ОИИБ менен Араван РИИБдин кызматкерлери Мыктыбекке велосипед, спорттук кийим, топ, ал эми куткарылып калган Нуркызга оюнчук жана таттууларды тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×