Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 27.05.2019 07:45

Аймактардагы медреседе билим алгандар кошумча кесиптерге ээ болушат

Turmush -  Өлкөдө диний билим берген мекемелерде окуган жаштарга сертификат берип, жумуш табышына көмөктөшүү максатындагы демилгелер ишке ашып жатат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул долбоор ошондой эле радикализмге, экстремизмге, террорчулукка каршы туруп, жаштарды ар кандай азгырыктардан арачалап калууну көздөйт.

24-май күнү Араван районунун Араван айылындагы медресенин жамаатына «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында жаңы жабдуулар тапшырылды. Буга чейин мындай иш-чара түндүк аймактагы облустардагы медреселер үчүн Бишкек шаарында уюштурулуп, ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, компьютер колдонуучу адис жана электрик кесибин үйрөнүүгө зарыл болгон жабдуулар тапшырылган.

«9-класстын базасы менен медресеге кирген өспүрүм кыздар менен балдарга толук орто билим тууралуу аттестат берилбегендиктен жогорку окуу жайларга барбай калып жатышат. Медреседе кесип үйрөнгөн эки айлык курсту бүтүрүп алуу алар үчүн жакшы көмөкчү болууда. Быйыл ар бир облустан медреселер тандалып, жалпысынан 10 медресеге 3 млн 462 миң сомго жабдуулар берилүүдө», - деди коомдук фонддун директору Нурлан Токонов.

Долбоор Американын Кыргызстандагы элчилигинин грант катары бөлгөн каражатына каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×