Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуАраван району 20.05.2019 18:01

Араванда ата-энелер бала бакчадагы балдары үчүн дыйканчылык кылып жатышат

Turmush -  Араван районундагы «Жар-Кыштак» бала бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери бакчанын короосуна бадыраң, помидор жана гилас, шабдалы көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Алимова айтып берди.

«Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын ата-энелерине сабак өтүштү. Ата-энелер экологиялык таза мөмө-жемиштерди кантип өстүрүү керектиги боюнча билим алышты. Андан соң бакчанын короосунда 2 сотых жерибизге ата-энелер өздөрү демилге көтөрүп бадыраң, помидор, гилас өстүрүп беришти. Учурда бадыраң түшүм бере баштады. Кезеги менен ата-энелер келип, карап, суу куюп турушат. Максатыбыз — балдарга химикатсыз, экологиялык жактан таза азыктарды берип, зээндүү балдарды тарбиялоо», - деди Алимова.

Учурда «Жар-Кыштак» бала бакчасында 62 бала тарбияланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×