Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 10.05.2019 11:34 На русском

«Баш кийимимди тешип өткөн ок айылдашыма тийген»: 98 жаштагы Базарбай ата согушта атасына жолуккан. Видео

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Базарбай Холматов
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Базарбай Холматов

Turmush -  Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 74 жыл болду. Бул согушка улуу-кичүү дебей, айылдардагы курал-жарак көтөрүүгө жарактуу бардык мырзалар чакырылган. Үй-бүлөдөгү ата-бала, бир туугандар согуш майданында бири-бирине жөлөк-таяк болуп, душманга каршы турган учурлар дагы бар. Ата Мекендик согуштун ардагери Базарбай Холматов да согуш талаасында атасы менен жолугушканын кубануу менен эстейт. Ардагерден аймактык кабарчы кабар алды.

Базарбай Холматов — Араван районунун 98 жаштагы тургуну. Атасы менен дээрлик бир убакта согушка барса да, ата-бала эки бөлөк жерде салгылашкан.

«Согушка барганда эле колубузга пулемёт беришти. Эмне айтышса ошону кылып жаттык. Эң кызыгы согуш майданында атамды кезиктирип калдым. Көрсө атам мени согушка узаткандан 9 күн өткөндөн кийин өзү дагы согушка аттаныптыр. Мен Белоруссиянын Витебск шаарында согушсам, атам башка жакта согушкан. Кайсы жерде согушканын так билбейм. Кан майданда жүргөндө жаныбызга ат арабалар келип токтогон. Өзүбүздүкүлөр экен. Арасында атам да жүрөт. Мындай учурда ата-баланын жолугушуусу кандай сезимдерди тартуулаганын сөз менен айтып бере албайм. Ошондон кийин атамды көргөн жокмун. Ал согуш аяктаганда 2 жыл өткөндөн кийин үйгө кайтып келген», - деди ардагер Б.Холматов.

Ал согушта оң колунан жана оң бутунан оор жаракат алган. Эрдиги үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун атайын төш белгиси менен сыйланган.

«Согушка Араван районунан 7 жигит барганбыз. Аравандан Ошко жөө барып, Оштон Фрунзеге (Бишкек), андан ары согушка аттанганбыз. Ал убакта 19 жаштагы жигиттер элек. Согушта СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн жоокерлери менен бир туугандай жүргөнбүз. "Орус, өзбек, тажик, казак" деп улутка бөлүнүү деген жок болчу. Алар менен бирге согуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тапканыбызды тең бөлүшчүбүз. Согуш талаасында көп ирет ачка калганбыз. Кышында эртең менен эрте, күндүн нуру чыга электе тамактанчубуз. Бир күнү тамак таркатып жаткан учурда асмандан снаряд келип түштү. Көз ачып жумганча баары талкаланды. Жоокерлердин жарымы жан берди. Ошентип тамаксыз калып, 6 күн эч нерсе жеген эмеспиз. Андай учурда курсагыңды да ойлобой, көз ирмебей жүрөсүң», - дейт Базарбай ата.

Ал уул-кыздарына согуштагы кыйынчылыктарын, окуяларды көп айта бербейт. Азыркы заманды мактап, кеп-кеңештерин айтып турарын Базарбай атанын кенже уулу Садыкжан Холматов айтып берди.

«Мындан ары мекенибизде согуш болбосун, дайыма тынчтык" болсун дейт. Азыр акча бар. Жеп-ичкенге тамак-аш, кийгенге кийим бар. Акчаны туура пайдаланууну жана 5 күндүк бул өмүрдө жакын адамдарга жардам берүүнү айтып турат. Атам согуш тууралуу эстегиси келбейт. Ал тууралуу айтылса, көзүнөн жаш айланып кетет», - дейт ардагердин уулу С.Холматов.

98 жаштагы ардагер Базарбай Холматов Ата Мекендик согушта пулемётчу болгон жана анын жардамчысы өзүнүн айылдашы болгон.

«Согуш учурунда душман тараптан ок жамгырдай жааганда мен узунунан жер кучактап жата калсам, шеригим жерге жатканга толук жетишпей калып, менин баш кийимимди тешип өткөн ок анын бутуна тийип, жарадар болгон. Ошентип пулемёттун огун өзүм алып келип атып, эки адамдын ишин кылып жүрдүм. Дагы бир күнү пулемётту кучактап, душмандардын жолун тороп турсам, алыстан жоокерлердин карааны көрүндү. Мен пулемётту аларга туштап, атканы жатканда тааныш үндөр угулуп, капитаныбыздын орусча сүйлөгөнүн угуп, куралымды таштап, кубанычым менен аларга кыйкырып чуркап баргам», - дейт Базарбай ата.

Ал 2000-жылы Москвада өткөн Улуу Ата Мекендик согуштун урматына карата уюштурулган парадга катышып келген. Андан сырткары 2 жолу өзү согушкан жерлерге барып келген. Учурда анын 6 уулу, 3 кызы бар. Ошондой эле 116 небере, 165 чөбөрө, 80 кыбыра, 13 тыбыра көргөн.

Базарбай ата жаш кезинен бери орозо кармайт. Ал быйыл да орозо кармап жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×