Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 08.05.2019 19:21

Улуу Жеңишке 74 жыл: Милициянын майору — ардагер Кайым Исмаилов сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ички иштер министрлигинин Түштүк күзөт башкармалыгынын кызматкерлери Араван районунун тургуну — Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кайым Исмаиловдон кабар алышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

ИИМдин Түштүк күзөт башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Нарынбек Курбантаевдин маалыматына караганда, аталган күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Каденов жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Зайыра Иманалиева 97 жаштагы ардагер Кайым Исмаиловдун үйүнө барышып, акчалай сыйлык жана азык-түлүктөрдү тапшырышкан.

Кайым Исмаилов 1922-жылы туулган. Ал Улуу Ата Мекендик согуш маалында Венгриянын борбору болгон Будапешт шаарына чейин барып, душмандар менен салгылашып келген. К.Исмаилов учурда милициянын отставкадагы майору болуп саналат. Ал көп жыл бою Араван райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Учурда анын 7 кыз, 3 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×