Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 06.05.2019 20:36

Сүрөт — Кызгалдактуу талаадагы бизнес

Turmush -  Оштогу Араван районунун Гүлбаар айыл аймагына бара жаткан жолдун түндүк-батыш тарабындагы болжол менен 10 гектар аянт кызгалдак талаасына айланган. Кызгалдак гүл ачкан учурда бул аймакта эс алуучулар көп болуп, басымдуусу түш ооп калганда барып, күн батканга чейин болушат.

Ал жерде жергиликтүүлөр суусундук сатуу менен алектенишет жана атайын эс алуучулар үчүн аттар да даярдалган. Ат менен кызгалдак талааны бир кыдырып чыгуу кызматы 50 сомго бааланат.

Мындай кызмат көрсөткөндөрдүн айтымында, коноктордун басымдуусу Ош шаарынан, Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунан келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×