Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 06.05.2019 12:43

Тагдыр: Оорулуу 3 кызын жалгыз баккан эне жардамга өтө муктаж (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Арык айылынын 44 жаштагы тургуну Токур кызы Урматкан жардамга муктаж экенин Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, жолдошу 2010-жылы каза болгон. Учурда 3 оорулуу кызын жалгыз багат.

«Үч кыз, бир уулум бар. Үч кызым тең оорукчан. Улуу кызым 1996-жылы, экинчи кызым 1997-жылы туулган. Экөө тең психологиялык жактан жабыркайт, экинчи топтогу майып. Кичүү кызым Аяна 2007-жылы төрөлгөн. Ага дарыгерлер эпилепсия деген диагноз коюшкан. Күнүнө эң аз дегенде 10 жолу оорусу кармайт. Сүйлөбөйт, баса албайт. Кыздарыма алган пенсия алардын дарысына дагы жетпейт. Эң кичүү уулум 2009-жылы төрөлгөн. Аны аргасыздан мектеп интернатка бердим.

Өзүм сарык оорусу менен жабыркагандыктан алты айда бир дарыланып турушум керек, кызым үч айда бир дарыланып турушу зарыл. Бирок шартка байланыштуу дарылана албай жатабыз.

Биз азыр азык-түлүк, дары-дармек жана акчалай жардамга өтө муктаж болуп турабыз. Кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз», - деди жалгыз бой эне.

Жардам берүүнү каалагандар 0774 603475, 0703473850 номурлары аркылуу байланышса болот. ЭЛСОМ: 0703 473850.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×