Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 19.04.2019 18:43 На русском

Сот мас абалда аялын сабаган жаранды 5 жылга эркинен ажыратты

Араван
Араван

Turmush -  Араван райондук соту мас абалда аялын сабаган жаранды 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 5-февраль күнү болжол менен саат 21:30 чамасында мас абалдагы жаран 61 жаштагы жубайын сабаган. Анын кесепетинен жубайы катуу жаракат алган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, мас абалда экенин да тастыктаган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө аялы эшикке уруксатсыз чыкканын көрүп, сабаганын билдирген. Жубайы катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканада өзүнө келген. Жабыркаган аял 20 күн ооруканада дарыланып, жолдошун кечирип, тосмо арыз жазып берген.

Сот айыпталуучуну КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси (ден соолукка катуу залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Соттолуучу жаран апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотуна кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×