Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 05.04.2019 12:00 На русском

«Үй-бүлөңө зыян тиет»: 2 жигит Мирбекти депутаттыктан талапкерлигин алууга мажбурлашкан

Turmush -  Араван райондук соту С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон жаранды коркуткан 2 жигитке карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын 1994-жылы туулган тургуну Айбек (аты өзгөртүлдү, М.А.О.) жана Араван районунун 1994-жылы туулган тургуну Анварга (аты өзгөртүлдү, Х.А.А.) Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде (бейбаштык) кылмыш иши козголгон. Алар Араван районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон адам — ушул эле райондун 1971-жылы туулган тургуну Мирбекти (аты өзгөртүлдү, М.Б.) талапкерлигин албаса үй-бүлөсүнө зыян келтиришерин айтып коркутушкан.

Мирбектин айтымында, ал 2018-жылдын 22-январында чайканалардын биринин алдында үгүт иштерин жүргүзүп жатканда Айбек жана Анвар унаа менен келишип, аны четке чакырышкан. Алар Мирбектен талапкерлигин алууну талап кылышып, эгерде укук коргоо органдарына арыз жазса өзүнө жаман болоорун айтышкан. Мирбек башында алардын талаптарына макул болуп, бирок кийин милицияга кайрылган.

Сотто күбө катары чакырылган Сыймыктын (аты өзгөртүлдү, С.Х.) айтымында, алар (Мирбектин достору) окуя болгон күнү дүкөндө соода кылып жатышкан. Ал жакка 2 бейтааныш жигит келип, Мирбекти чакырып кетишкен. Соода кылып жаткан Самат дүкөндө орнотулган тышкы көзөмөл камералары аркылуу айыпталуучулар менен жабырлануучунун сүйлөшүп жатканын көргөн. Самат алар жөн эле сүйлөшүп, ал жерде мушташ болбогонун билдирген. Ошондой эле күбө катары суралган Сабырдын (аты өзгөртүлдү, С.А.) айтымында, 2 бейтааныш жигит менен сүйлөшкөндөн кийин Мирбек дүкөнгө келип, аларга балдардын талаптары жөнүндө айтып берген.

Кылмышка айыпталып жаткан Анвар жабырлануучуну тааныбастыгын, окуядан кийин көп убакыт өткөндүгүнө байланыштуу көп нерсени эстей албай жатканын билдирген. Анын айтымында, алар Мирбекти коркутушкан эмес жана эмне үчүн кармалганын милиция кызматкерлери колго түшүргөн учурда гана билген. Ошондой эле анын шериги Айбек дагы күнөөсүн толугу менен мойнуна албай, Мирбекке шайлоо боюнча үгүт иштерине тоскоол болушпаганын кошумчалаган. Буга чейин тергөө учурунда экөө тең күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Учурда Мирбек айыпталуучулар менен жарашып, аларга карата эч кандай доосу жок экендигине байланыштуу, ал соттон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранган. Анын негизинде Айбек жана Анвар жоопкерчиликтен бошотулуп, кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

2018-жылдын январь айында Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн депутаттыгына кезексиз шайлоо өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×