Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ош облусуАраван району 21.12.2018 12:09

Араванда мектептин спорт залы оңдолуп, бала бакча курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Маңгыт айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы №21 Насирдин Исанов атындагы орто мектебинин спорт залы оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле Төлөйкөн айылында бала бакча курулуп жатканын Жаңы-Арык айылынын башчысы Кубанычбек Калыков билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакчанын курулушу 1990-жылдан бери бүтпөй келген.

«Буга чейин мектептин спорт залы оңдоого муктаж болчу. Быйыл — Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бейөкмөт уюмдар тарабынан 1 млн сом берилип, жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, №21 Н.Исанов мектебинин спорт залы оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле курулушу 1990-жылы башталган 50 орундуу "Саламат" бала бакчасына бейөкмөт уюмдар 1 млн сом берип, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнүп, курулушу жыйынтыкталып калды», - деди Калыков.

Ал эми №21 Насиридин Исанов атындагы орто мектебинин директору учурда мектепте 619 окуучу билим алып жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.29% (389)
«РСК Банк»
35.45% (351)
«Капитал Банк»
8.99% (89)
...
Всего голосов: 990
×