Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ош облусуАраван району 07.12.2018 10:23

Араванда 3 тонна пахта өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 19 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-декабрда билдирди.

Оштогу Араван районунун Тепе-Коргон айылында пахта тазалоочу ишкананын кампасында өрт чыккан. Анын кесепетинен 3 тонна пахта күйдү. Тамеки тартуудагы этиятсыздык өрткө себеп болгон.

Ошондой эле меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн Кара-Суу районунун Савай айыл аймагындагы Кеңсай айылында турак үйдө өрт чыкты. От жагуучу бөлмөнүн шыбы күйүп, адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.29% (389)
«РСК Банк»
35.45% (351)
«Капитал Банк»
8.99% (89)
...
Всего голосов: 990
×