Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАраван району 09.11.2018 16:00 На русском

Сүрөт: Араванда жардыруучу зат, ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды

Turmush -  Кечээ, 8-ноябрь күнү Араван РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар табылды.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кызматтын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун 1983-жылы туулган тургуну М.А. ушул жылдын июль айында Араван районунун аймагына атайын жардыруучу зат, ок атуучу курал-жарактарды катканын аныкташкан. Жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар ок дарылары менен катылган жерден табылып алынды.

Алынган далил заттарга тиешелүү экспертиза дайындалып, шектүү куралдарды кандай максатта сактап жүргөндүгү боюнча текшерүү жүрүп жатат. Топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×