Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАраван району 23.10.2018 09:16 На русском

Аравандыктар сатылгандан бери кароосуз калган заводду кайтарып алып, тамеки өстүрүүнү каалашат (видео)

Turmush -  Араван районунун Маңгыт айыл аймагына караштуу Маңгыт айылындагы эски тамеки чарбасынын имараты 1995-жылы жеке менчикке өтүп кеткенин жергиликтүүлөр айтып чыгышты. Ошондон кийин 100гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылган тамеки чарбасы жоюлду, дешет жашоочулар.

Маңгыт айылынын жашоочусу Ильяз Абдыкадыровдун айтымында, ошол кездеги айыл өкмөт башчысы тамеки чарбасына элди чогултуп, анын бош калган имаратын жеке ишкерге сатарын айткан.

«Ошол кездеги айыл өкмөт башчысы ушул тамеки чарбасына 200дөй адамды чогултуп, жыйын өткөргөн. Ал ошондо эле "тамеки чарбасынын имаратын сатып жатабыз" деген. Бирок эл ага каршы болуп, тамеки чарбасын кайра иштетерин, же өрүктү кургатуучу ишкана түптөп, консерва завод куруларын айтышкан. Ушул имарат сатылбасын деп 160 адам кол коюп берген эле.

Андан кийин имаратты 4 жыл бою эл пайдаланып жүрдү. Кийин мен имарат жери менен кошо жеке ишкерге сатылып кеткени боюнча токтомду билип калдым. Ошол убактан бери жеке ишкерден ала албай жүрөбүз», - деди И.Абдыкадыров.

Маңгыт айылынын жашоочуларынын дээрлик көпчүлүгү чарбагына картошка өстүрүшөт. Бирок акыркы жылдары картошканын баасы арзандап, сатуудан түшкөн каражат чыгымдарды актабай калган. Ошондуктан жергиликтүүлөр тамеки чарбасынын имараты кайтарылып, кайра түптөлсө тамеки өстүрүүнү каалашат.

«Араванда абанын температурасы башка жакка салыштырмалуу жылуу болгондуктан, Маңгыт айылында картошка эрте бышат. Ушул убакта Аравандын борборунда жайгашкан айылдарда да картошка бышып, арзан бааланып жатат. Картошка сатуудан түшкөн акча ага кеткен чыгымын дагы актабай калууда. Андыктан маңгыттыктар тамеки чарбасынын имаратын кайтарып алып, тамеки заводун түптөп, тамеки өстүрсөкбү деп ойлоп жатабыз», - деди жергиликтүү жашоочу Каныбек Аматов.

Ал эми Маңгыт айыл өкмөтү жергиликтүүлөрдүн айтканын жарым-жартылай төгүндөдү. Маңгыт айылынын башчысы Абдилхамид Абдубалиев тамеки чарбасынын имараты гана сатылып кеткенин, бирок анын жери айыл өкмөткө тиешелүү экенин билдирди.

«1995-жылы жерге реформа жүргөндө бул тамеки чарбасы кароосуз калып, чарбанын имаратын жеке ишкер сатып алган. Ал "имаратты бузуп, ордуна 200 орундуу башка ишкана курам" деген келишим менен алган. Анын шарты болгон эмеспи, кура албай жүрөт. Бирок имарат жайгашкан жер айыл өкмөттүн жери болуп саналат», - деди А.Абдубалиев.

Маңгыт айыл өкмөтүндө 5 айыл бар. Анда 11 миң калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×