Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 18.09.2018 01:11 На русском

Араванда 40 млн сомго курулган 160 орундуу жатак мектеп ачылды (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү Пахта-Абад айылына 160 орундуу «Ак чыйыр» жатак мектеби курулду. Мектеп пайдаланууга берилгенин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жатак мектептин курулушу Алля Анаров айыл өкмөтү менен коомдук бирикменин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашкан. Мектеп негизинен уул балдарга таалим-тарбия берүүгө адистештирилген.

«11 жылдык жатак мектепке 1-класстан 7-класска чейинки ата-энеси жок, жарым жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынууда. Окуу тарбия иштери кыргыз тилинде жүргүзүлүп, кошумча англис жана орус тилдери тереңдетилип окутулат. Кабыл алынган окуучулардын баары жатакана менен камсыз болушат. Окуучулар окуудан сырткары кесиптик билимге да ээ болушат», - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Учурда мектепке 43 мугалим жана тарбиячылар жумушка алынды. Ал эми мектепти курууга 40 млн сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×