Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАраван району 08.09.2018 10:48 Жаңыланды: 08.09.2018 11:47

10 миң долларлык чыгым. Араванда цех өрттөнүп, 2 тонна май күйдү (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө 2 тонна май күйүп, май чыгаруучу цехтин ээси 10 миң доллар чыгымга учурады. Өрт кечээ, 7-сентябрга караган түнү саат 03:00 чамасында башталган. Бул тууралуу аталган цехтин ээсинин иниси Акрам аймактык кабарчыга билдирди.

Өрттөн адамдар жабыркаган жок.

«Бул цех 10 жылдан бери пахта майын чыгарып келген. 7-сентябрда түнкү саат 03:00 чамасында өрт чыгып, цехтин 200 чарчы метри күйүп кетти. 4 кызматкер эмгектенген цехти агабыз иштетип келген. Өрттүн кесепетинен 2 тонна май күйүп, 10 миң доллар чыгымга учурады. Учурда айыл өкмөт, жергиликтүү тургундар жардам берип, тазалоо иштери жүрүп жатат», - деди Акрам.

Ал эми ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрт электр тогунан чыккан. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×