Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАраван району 17.08.2018 19:38

Кара-Булак айылында бир имараттын ичинде мектеп, ФАП, ветеринардык дарыкана ачылды

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында 22 орундуу башталгыч мектеп, ФАП, ветеринардык дарыкана пайдаланууга берилди. Айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, иш-чарага акимдин орун басары Музаффар Мамасаидов, Алля Анаров айыл аймагынын башчысы Жамалиддин Нурбаев жана жергиликтүүлөр катышып, кызыл тасмасы кесилди.

«Кара-Булак айылында 18 кожолук жашайт. Бул айылда 1960-жылы аралашма классы бар мектеп ачылган экен. Чындыгында айылга жаңы мектеп керек эле, минтип курулуп калганы жакшы болду», - деди Ж.Нурбаев.

Жаңыдан пайдаланууга берилген имарат 5 бөлмөдөн туруп, анын 3 бөлмөсү Алля Анаров айыл аймагынын борборунда жайгашкан №20 Исаев атындагы орто мектептин филиалы болот. Анда 22 окуучу билим алууга ыңгайлашкан. Ал эми 1 бөлмөдө ФАП жайгашса, 1 бөлмөсү ветеринардык дарыкана болуп саналат.

Курулушка жалпысынан 2 млн 450 миң сом акча жумшалган. Анын 1 млн сому Алля Анаров айыл өкмөтүнүн бюджетинен, 1 млн 250 миң сому бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланды. Айыл өкмөттө эми жалпы 7 мектеп, 6 бала бакча бар. Буга чейин айыл өкмөт эки мектептин ашканасын оңдоп-түзөөдөн өткөргөн.

Ал эми айыл өкмөттө жалпы 17 миң 600 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×