Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 25.05.2018 11:58 На русском

Аравандын кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жетекчиси өзүнө 3,5 гектер жер бөлүп, үй куруп алган (фото)

Turmush -  Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы убактылуу кызматынан четтетилди. Буга козголгон кылмыш иши себеп болгонун район акими Курбанбек Айтибаев тастыктады.

Анын айтымында, аталган кылмыш иш боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Төбө-Коргон айыл аймагынан 3,5 гектар кайрак жерди өзүнө каттатып алууга шектелүүдө.

Тебе-Коргон«Ал кайрак жерди өзүнө каттатып, үй салып алган. Бул боюнча Коррупцияга каршы кызмат кылмыш иш козгоп, соттук териштирүү жүрүүдө. Аталган жер тилкеге курулган үйдө эч ким жашабайт», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×