Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Аравандын Маданият айылындагы үйлөрдү сел каптады (видео)

Turmush -  Кечээ, 18-майда,катуу жааган жаандан улам Араван районунун Маданият айылынындагы үлүш жерлерди жана үйлөрдүн короосун кайрадан суу каптап кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Жергиликтүү тургундардын бири Канат Зулумовдун айтымында, жаан саат 17:30дар чамасында башталып, каттуу сел келген. Селдин суусу айрым үйлөрдүн дарбазасын сындырганга чейин барган.

Айыл өкмөт башчысы Жамалидин Нурбаевдин айтымында, учурда селдин кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Буга чейинки жааган жаандан улам 18 үйдүн короосуна, 7 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген болчу. Кечээ 18-май күнү жааган жаанда дал ошол ошол үйлөрдүн короосун кайрадан суу чайпаган. Азыр үлүш жерлер да сууда калгандыктан тактап жатабыз», - деди Нурбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 625
Көп окулду
×