Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАраван району 16.05.2018 13:57

Маданият айылындагы үйлөрдү, мектепти жана бала бакчаны суу каптады (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Араван районунун Али Анаров айыл аймагындагы Маданият айылында турак үйлөрдү, бала бакча жана мектептин имаратын суу каптады. Бүгүн, 16-майда саат 11:30 чамасында жаандын кесепетинен тоодон сел суулары агып түшкөн, деп билдирди ӨКМ.

Анын кесепетинен айылдагы 20 турак үйдүн, мектептин жана бала бакчанын короолорун суу каптаган. Адамдар жабыркаган жок. Жергиликтүү бийлик тазалоо иштерин жүргүзүп, учурда суу каптоонун кесепеттерин жоюу аракеттери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×