Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 07.05.2018 08:21 Жаңыланды: 07.05.2018 10:39

Аравандагы катуу шамалдын чыгымы 270 миң сомдон ашты (фото)

Turmush -  Ош облусунун Араван районунда 5-май күнү саат 19:30 чамасында Ноокат райондук гидрометеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык, ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. Адамдар жаракат алган жок.

Шамалдын кесепетинен Юсупов айыл аймагынын Пахта-Арал айылындагы 14 турак үйдүн жана чарбалык курулуштардын 531 даана шиферлери учуп, айылдын 450 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Ошондой эле 2 жеңил унаа жабыркады. Мындан сырткары Анаров айыл аймагынын Ачы айылындагы Араван-РЭТ ишканасынын чарбалык курулушунун чатыры жана Араван айылындагы 4 турак үйдүн, чарбалык курулуштардын шиферлерин шамал учуруп кетти. Жалпы материалдык чыгым болжол менен 277 миң сомду түзгөн.

Учурда калыбына келтирүү, тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×