Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Ош облусуАраван району 26.04.2018 12:51

Фото - Ошто дагы 3 эм төрөлдү. 24 жаштагы Мафтунахон эми 5 баланын апасы

Turmush -  Оштогу Араван районунун тургуну Мафтунахон Исмаилова үч эм ымыркайларын жарыкка алып келди. Мындай сүйүнүчтүү кабарды аймактык кабарчыга Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева билдирген.

Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча, 3 эм кыздар 17-апрель күнү төрөлгөн. Алардын биринчиси 2,370 кг салмакта, экинчиси 2,045 кг салмакта, үчүнчүсү 2,390 кг салмакта. Эне менен баланын абалы жакшы экенин айткан дарыгерлер аларды үйүнө узатышты.

Буга чейин 2 балалуу болгон Мафтунахон Исмаилова 24 жашта. Ал эми 5 баланын апасы болду.

Ош облусунун аймагында 24-апрелде 3 эм төрөлгөнү буга чейин да маалымдалган эле.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Руслан Талантбек уулу: «Биздин Алга айылынын тургундары Данияр Ураимахунов менен Данакан Абдыкеримова үч эмдүү болушту. Алардын экөө кыз, бири уул. Жубайлардын буга чейин 3 уулу бар эле», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
39.29% (389)
«РСК Банк»
35.45% (351)
«Капитал Банк»
8.99% (89)
...
Всего голосов: 990
×