Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАраван району 12.04.2018 09:16

3,4 млн сомдук тендер: Максым-Тобудагы талкууга түшкөн жолду асфальттоо иштери баштала элек (видео, фото)

Turmush -  Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Максым-Тобу айылындагы талкууга түшкөн жолго асфальт төшөө иштери баштала элек. Бул тууралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Өткүрбек Эралиев билдирди.

Анын айтымында, СССР таркагандан бери аталган айылда бир да жолу жолго асфальт төшөлгөн эмес. Айыл өкмөт дотацияда тургандыктан айылдагы ички жолдорго шагыл төшөө менен чектелген. Айыл аймактагы 8 айылдын негизги жолдорун Транспорт министрлигине өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылышкан.

«Биздин айыл өкмөттөгү жолдорго СССР таркагандан бери асфальт төшөлө элек. Биз 8 айылдын борбордук көчөлөрүн Транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына 1,5 жыл мурун кайрылганбыз. Бирок ушул күнгө чейин бул маселе чечиле элек. Эгер негизги жолдорубуз аталган министрликке карап калса, биз ички жолдорубузду өзүбүз жергиликтүү бюджеттен оңдоп турат элек. Көмөк пулда турган айыл өкмөт болгондуктан жолдорго шагыл гана төшөлгөн. Быйыл алгачкылардан болуп Максым-Тобу айылындагы көчөгө түрткү берүүчү гранттын эсебинен 1 чакырым жолго асфальт төшөө боюнча долбоор жазылган. Учурда жалпы суммасы 3 млн сомду түзгөн тендер жарыяланды», - деди Ө. Эралиев.

Максым-Тобу айылындагы негизги жол 2 чакырым 200 метрди түзөт. Быйыл 1 чакырым жолго гана асфальт төшөлөт.

Жергиликтүү тургундардын бири Ибрахим Табалдиевдин айтымында, жолдун начардыгынан автоунаанын тетиктерин тез-тез алмаштырууга туура келет. «Жолубуздун абалы начар, жаан жааган мезгилде абдан кыйналабыз. Унаалар оодарылып кеткен учурлар да болду. Жолдорго асфальт төшөлсө баарыбызга жакшы болот», - деди ал.

Айыл тургуну Ташполот Жолдошев белгилегендей, жолдун абалынан улам окуучулар мектепке барууда кыйналып жатат. «Жаан-чачын мезгилде окуучулар мектепке барууда кыйналышат. Жолдун абалы начар. Окуучуларды өзүбүз унаалар менен мектепке алып барып келебиз»,- деди Т. Жолдошев.

Ал эми аталган айылдын башчысы Абдыкалык Табалдиевдин айтымында, айылда жалпы 150 кожолук бар. Буга чейин Максым-Тобу айылындагы 1 чакырым жолго асфальт төшөөгө үчүн 3,5 миллиард (3 млрд 450 млн 361 миң сом) сомго тендер жарыяланганы тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына жүктөлгөн.

Чек-Абад айылынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси Аброр Кадыров тендердин суммасында ката кеткенин билдирди. «Бул жолду асфальттоо түрткү берүүчү гранттан каралган. Жалпы сумма 3 млн 450 миң сом болчу. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында автоматтык түрдө эсептелинет. Ал жакта 1 чакырым деген жерге 1000 метр деп жазылып калган. Ошондуктан 3 млн 450 миң сом 1000 метрге көбөйтүлүп, 3,4 млрд болуп техникалык ката кеткен. Биз бул тендерди жокко чыгарып, суммасын 3,4 млн сом деп тууралап, кайрадан тендер жарыяладык»,- деди А. Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×