Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Араванда 51 жыл мурун ашар жолу менен курулган кинотеатр оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Араван районунун борборундагы «Белек» кинотеатрынын имараты оңдоп-түзөөгө муктаж. 1967-жылы курулган 300 орундуу кинотеатр көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөнүн райондук кинодирекциясынын директору Шермамат Мамытов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилбегендиктен кинотеатрдын жетекчилиги отургучтарды толуктап, оңдоодон өткөрүп келет.

«Бул кинотеатр 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Өзүм 8 жылдан бери директор болуп эмгектенип жатам. Мага чейинки жетекчилер чатырын жаңылашкан экен. Ал сапаттуу жасалбагандыктан чатырдан суу тамчу. Биз кинотеатрды акырындык менен оңдоп, отургучтардын санын 300гө толуктадык. Учурда 4 кызматкер эмгектенип жатат. Тасмалар көрсөтүлгөндө мурункудай болуп эл көп келбейт. Буга интернет себеп болууда. Билим берүү бөлүмү менен келишим түзүп, жыл сайын райондогу 40 мектептин окуучуларына тасма көрсөтөбүз. Быйыл Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларды окуучуларга тартуулайлы деп жатабыз. Маданият министрлигинен уруксат алып, кинотеатрдын бош жерлерин ижарага бергенбиз. Учурда эмерек сатуучу ишкер бизге айына 7,5 миң сом төлөп берет. Алар ижара акысын банк аркылуу которгондуктан акча мамлекеттик бюджетке түшөт», - деди Ш.Мамытов.

Ал эми райондун акиминин орун басары Музафар Мамасаидов аталган кинотеатр Маданият министрлигине карай турганын жана ал жерде айрым иш-чаралар өтүп жатканын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1054
Көп окулду
×