Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 02.04.2018 09:18

Араванда мергенчилердин бири кар көчкү алдында калып каза болду

Turmush -  Араванда кийик атканы чыккан мергенчилердин бири кар көчкүнүн алдында калып каза болду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Чөгөн жана Торпу айылдарынын ортосунда жайгашкан Кичи-Алай айылындагы тоодо болду.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, 5 адам 30-мартта аңчылыкка чыгышкан. Алардын бири көчкү алдында калып, куткарууга мүмкүн болгон эмес. Каза болгон жаран Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылынын тургуну болчу. Анын жанындагы 4 аңчы Араван районунун тургундары болушкан.

Каза болгон жарандын денеси кар көчкүнүн алдынан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Кийик май айларында төлдөйт. Мергенчилер ушул учурга ылайыктап атайын чыгышкан. Ал эми Ош ОИИБ мыйзам боюнча кийикке аңчылык кылууга март айынан октябрь айына чейин тыюу салынганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×