Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАраван району 22.03.2018 19:06

«Достук кербени» маданий долбоору Араван менен Өзгөндөн кийин Кара-Сууга сапар тартты

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Ленин Жолу жана Араван районуна караштуу Алля Анаров айылдарынын жашоочулары «Достук кербени» массалык маданий иш-чарасын салтанаттуу түрдө уюштурушту. Ага жергиликтүүлөр, «Жашстан» долбоорунун жаш лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, маданият кызматкерлери катышкан.

Нооруз майрамынын жана «Достук кербенинин» алкагында кечээ, 21-мартта аталган айылдарда спорттук, интеллектуалдык оюн-зооктор өтүп, ыр-бий менен коштолуп, келген конокторго ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулду. Иш-чаранын уюштуруучусу Нургүл Караеванын айтымында, бул демилге жаштарды демилгелөө, ынтымакка жана тынчтыкка үндөө максатын көздөйт.

Ленин Жолу айылынын 54 жаштагы тургуну Зейнеп Айжигитова белгилегендей, мындай иш-чаралардын коомго пайдасы чоң.

«Биздин элде илгертеден Улуу Жибек Жолу кербени, элдик курултай сыяктуу иш-чаралар болуп келген. Бүгүнкү “Достук кербени” өнүгүүнүн жана тынчтыктын жарчысы катары бүтүндөй элди бириктирүүчү иш-чара болду», - деди ал.

«Достук кербени» 20-мартта Ноокат шаарында башталган. Ал 26-мартка чейин Кара-Суу районунун айыл аймактарында улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×