Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 19.03.2018 13:30

Маданият айылындагы жайыт жер ижарага берилип, малды короодо багып жатабыз, - жашоочулар (видео)

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылында жайыт жер пайдаланууга берилип, жергиликтүүлөр малын үйүндө багууга аргасыз болууда. Жергиликтүү тургун Абдумиталип Зулимовдун айтымында, алар пайдаланып келген жайыт жер ижарага берилгенден кийин айланасы тосулуп, мал да өтө албай калган.

«Биздин айылда 7 гектар эле жайыт жер бар. Анын 3 гектарына көчөт отургузулган.

Жерди пайдаланууга берип жатканда аукцион болот экен. Аны деле укканыбыз жок. Эгер айыл башчылары элди чакырып аукцион өткөрсө, биз дагы катышып, акчасын төлөмөкпүз», - деди А.Зулимов.

Ал эми айыл тургуну Ысакжан Мойдуновдун билдиришинче, 2-3 адамдын кызыкчылыгы үчүн айыл эли малын үйдө кармоого мажбур.

«Бизге болгону 6 сотых жер берилген. Ал жерге дыйканчылык кылабыз. Айылда малсыз жашоого болбойт, малды сатып ийсек жашоо кыйындашат. Ал эми жайыт комитеттери 2-3 адамдын кызыкчылыгы үчүн жайыт жерлерди ижарага берип койгону бизге кыйынчылык жаратууда. Азыр айылда тоют калган жок. Ал эми ижарага алгандар жердин айланасын тосуп жатышат», - деди Ы.Мойдунов.

Жер ээси Абдрахман Жамалдиновдун айтымында, ал жайыт комитетинен 5 жылга 3 гектар жерди ижарага алган.

«Мен жолду тоскон жокмун. 15 баш малга деп 3 гектар жер алгам. Жылына 510 сом төлөйм. Азыр ал жерге көчөт эгип койдум», - деди А.Жамалдинов.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн жер адиси Шүкүрбек Юсупов жайыт жерлер мал багууга гана пайдаланыла тургандыгын билдирди.

«Биздин айыл өкмөттө жалпы 3 миң 494 гектар гана жайыт жер бар. Бир гектар жерге 180 сом төлөнөт. Жер алуучулар бизге келгенде курулуш кылам, бак тигем деп келишпейт. Баары эле мал багам деп алышат. Жер алгандан кийин 10-20 сотых жерди тосуп, бак кылып алышат. Көктөп калган даракты жулуп сала албайт экенсиң. Биз аларга түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүп турабыз», - деди Ш.Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×