Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Аравандыктар өкмөт башчыдан Чек-Абаддагы Өзбекстан менен чектешкен чек араны ачып берүүнү суранышты (фото)

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Ош облусуна болгон иш сапарында Араван районунун Нур-Абад айыл аймагындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундар менен да жолуккан өкмөт башчы өз кезегинде дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыздоого тапшырма бергенин айтты.

«Аравандыктар абдан мээнеткеч эл. Быйыл молчулуктуу жыл болот окшойт. Бир ай мурда тиешелүү жетекчилерге жер семиркич, күйүүчү майлар менен камсыздоо боюнча тапшырмаларды бергем. Бул боюнча жакынкы күндөрү Өзбекстандын премьер-министри менен да сүйлөшөм», - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы быйыл өлкө аймагында 80 мектеп куруларын, анын ичинде Араван районунда да эки долбоор даярдалып жатканын кошумчалады. Тургундар Өзбекстан менен чектешкен Аравандын Чек-Абад айылындагы чек араны ачып берүүнү суранышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1631
Көп окулду
×