Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 17.03.2018 16:50

«Өзүмө эмес, чоңдор үчүн кармайм»: Араванда мыйзамсыз балык кармаган жаран изделүүдө (видео)

Turmush -  Араван районунун Кайрагач айылындагы суудан мыйзамсыз балык кармаган жаранды жергиликтүүлөр видеого тартып алышкан. Аталган видеодо балык кармаган жаран балыктарды чоңдорго кармап жатканын жана баары аны тааный турганын айткан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, учурда бул видео Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош облустук өкүлчүлүгү тарабынан иликтөөгө алынып, андагы киши издөөгө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×