Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАраван району 15.03.2018 16:01 На русском

Аравандын Маданият айылында бала бакчанын жер аянты тарып бара жатат

Turmush -  Араван районунун Маданият айылында Союз убагында курулушу башталып, бүтпөй калган бала бакчанын имараты чалдыбарга айланды.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бала бакчанын 25 сотых жери күндөн-күнгө тарып бара жатат. Бала бакча жоктугунан балдарын айылдын четиндеги бала бакчага берүүгө аргасыз.

Айылдык кенештин депутаты Мухаммадмариф Моминовдун айтымында, учурда бала бакчанын 15 сотых эле жери калган.

«Бул бала бакча Союз убагында пландаштырылып, салынып баштаган. Союз таркагандан кийин көңүл деле бурулбай калды. Бала бакчанын жалпы аянты 25 сотых эле. Азыр жерлер да чекке берилип 15 эле сотых жер калды. Быйыл айыл өкмөт да ушул маселени карап жатат. Жаңы бала бакча курулса жакшы болмок», - деди Моминов.

Ал эми жергиликтүү тургундардын бири Жамийла Мойдунованын айтымында, балдарын бала бакчага алып баруу үчүн бир топ убаракерчилик тартат.

«Бала бакча курулса жакшы болмок. Мен неберелеримди бала бакчага алып барууда кыйналам. Жазгысын анча билинбейт, кышкысын машина менен алып барууга туура келет. Бала бакчадан дагы жол киреге көп каражат кетип калууда», - деди Ж.Мойдунова.

Жылдызхан Кадырованын чоң кызы бала бакчага барчу. Ал жолдун узактыгынан чыгарып алууга аргасыз болгон.

«Жол алыс болгондуктан кызымды бала бакчадан чыгарып алдым. Азыр ишим чыгып калганда балдарымы кошунама, туугандарга таштаганга аргасыз болом»,-деди Кадырова.
Маданият айылынынын айыл башчысы Эргеш Мойдинов билдиргендей, бала бакча курууга аракеттер көрүлүүдө.

«Биз бала бакчаны быйылкы планга киргизгенбиз. Ал жерге бала бакча гана салууга уруксат болгондуктан жеке ишкерлерге бала бакча гана салууга болорун айтып жатабыз. Эгер жеке ишкерлер «бала бакча салып иштетем» десе юридикалык жагын карап чыгып, чечип беребиз»,-деди Мойдинов.

Маданият айылында 2,5 миң адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×