Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Араванда балык кармаган учурдагы видеосун тараткандарга чоң суммада айып салынды (видео)

Turmush -  Араван районунун Тепе-Коргон айылындагы дарыядан мыйзамсыз балык кармаган 3 адам кармалды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Араван районундагы аңчы адиси, түштүк аймак боюнча ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-февраль күнү Тепе-Коргон сайынан мыйзамсыз балык кармагандар ошол жерден тарткан видеотасманы интернетке жарыялашкан. Андан кийин департаменттин аңчы адистери тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, 2-март күнү 3 аңчынын дареги аныкталды.

Алар 80 балыкты мыйзамсыз кармашканын мойнуна алып, жалпы 40 миң 400 сом айыпка жыгылган. Ага кошо 9 миң сом айып пул салынып, бул сумма төлөндү. Андан сырткары 15 миң 150 сом доо өндүрүлгөн.

Араванда мыйзамсыз балык кармагандар


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2155
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×