Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Аравандык имам айылдашын ойношуң бар деп айыптап, акча талап кылган, - жашоочу А.Рахманов (видео)

Turmush -  Араван районунда мечиттин имамынан жабыркаган тургундун жакындары маалымат жыйын курушуп, камактан бошотулган имамды кайра камакка алууну суранышты. Жабырлануучунун бир тууганы Азодбек Рахмановдун айтымында, имам Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты да болуп шайланган.

«Менин бир тууганымды мечит имамы менен Араванда "положенец" аталган Алтын аттуу тургун кармап алып, "бирөөнүн аялы менен ойнош болуп жүрөсүң, сен кылган күнөөң үчүн 400 миң сом акча же «Матиз» унааңды бересиң. Же жок кылып жиберебиз" деп коркутууга алышкан. Алар жалаа жабышкан. Ошол учурда алар мага да телефон чалып, "УВДнын кызматкерибиз, иниң күнөө кылып кармалды" деп алдап чакырышты. Барсам милиция кызматкерлери эмес экен. Инимди жер төлөгө алып кирип сабашкан. Бул кылмышты кылгандар кармалды.

Мечиттин имамы 21-февраль күнү Ош шаардык сотунун чечими менен 1 айга камакка алынган. Бирок Ош облустук соту 27-февралда баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Ал эми Алтын аттуу шериги камакта жатат. Мечит имамдары ушундай иштерди жасаганы өкүнүчтүү. Биз анын камактан бошоп кеткенинен коркуп жатабыз. Бул маселеге президентибиз да көңүл бурса дейм. Соттон имамды кайра камакка алууну талап кылабыз. Ал тергөө учурунда деле бизди коркуткан», - деди Азодбек Рахманов.

Жабырлануучу учурда ооруканада жатат. Соттон алынган маалыматтарда шектүү мечиттин имамы жана айылдык кеңеште депутат экендиги көрсөтүлгөн.

Окуя 18-февраль күнү болуп, шектүүлөр жабырлануучунун телефонун, автоунаасынын документтерин алып калып, акча таап кел деген тапшырма менен бошотушкан. Жанына өздөрүнүн кишисин кошуп берип, жабырлануучу тааныштарынын үйүнө жеткенде качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, милиция кызматкерлери ыкчам аракеттин негизинде шектүүнүн бирин (Алтын) колго түшүрүп, жабырлануучудан алган 14 миң 140 сом табылган.

Ал эми имамга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 125-170-беренелери менен айып коюлуп, 21-февраль күнү 1 айга камакка алынган болчу. 27-февраль күнү Ош облустук соту Ош шаардык сотунун токтомун өзгөртүп, 20-апрелге чейин үй камагында калуу чечимин чыгарды. Облустук сот анын балдары жашын, мурда соттолбогонун, жергиликтүү кеңеште депутат жана мечитте имам экенин эске алып бошоткону тууралуу аныктамада айтылат.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы шектүүлөрдүн бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (1986-жылы туулган) экенин билдирди.

«Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен кылмыш иш козголуп, абакка камалган. Бул ишти ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын тергөө бөлүмү карап жатат», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3862
Көп окулду
×