Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 22.02.2018 11:41

Бюджети бекитиле элек Юсупов айыл өкмөтүнүн башчылыгына жалгыз талапкер көрсөтүлдү

Turmush -  Араванда бюджети бекитилбей турган Юсупов айыл өкмөтүнүн башчылыгына жалгыз талапкер көрсөтүлдү. Аким Курбанбек Айтибаев кабарчыга билдиргендей, айыл өкмөт башчылыгына 12 жылдан бери иштеп келе жаткан Шүкүрулло Файзуллаев талапкерлигин көрсөткөн.

Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 24-февралда өтөт. Айыл өкмөт башчы 2017-жылы күз мезгилинде шайланышы керек эле. Бирок депутаттар 2 ирет кворумга бириге албай, айылдык кеңеш тарап кеткен. Ал эми 28-январда 31 депутат шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×