Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуАраван району 09.02.2018 21:10 Жаңыланды: 10.02.2018 09:59

Суу «бизнеси»: Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгүлөр таза сууну сатып ичишет (фото)

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү 6 айылда таза суу жоктугунан жергиликтүүлөр арыктан суу ичишет. Жайкысын сугат суу да тартыш болуп, сатып ичүүгө мажбур болушат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдирди.

Жергиликтүү тургундардын бири Акылбек Турдушовдун айтымында, жаз алды менен Ак-Буура-Араван каналын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, суу арыкка дагы келбей калат.

«Кышкысын суу келип көп кыйналбайбыз. Жазында сугат суусу да жок болуп, Ош шаарынан ташып келүүгө аргасыз болобуз. Шаарда дагы сууларга эсептегич коюп койгондуктан алар бизге беришпейт. Жазында суунун тартыштыгынан кыйналабыз», - деди А.Турдушов.

Ал эми Динара Ташмаматованын айтымында, арыктагы сууну ичип, түрдүү ооруларга чалдыгып жаткандар бар.

«Биздин айылда оору көп катталат. Ич оору, тил оорулар менен ооруканага жатып калгандар да болот. Жыл сайын эле суу маселеси чечилет делет, бирок жылда эле ушул көрүнүш», - деди Д.Ташмаматова.

Адалат Турдушованын айтымында, жазында суу бизнеси да башталат.

«Жаз келгенде сууну сатып ичип калабыз. Айрымдар шаардан суу алып келип, бир флягасын 20 сомдон сатат. Сатып алган суу биз ичкенге жеткени менен малдарга жетпей калат. Ар бир үйдө аз дегенде бирден-экиден мал кармашат», - деди А.Турдушова.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Сүйүн Гүлжигитовдун айтымында, таза суу көйгөйү быйыл чечилет.

«Чындыгында биздин айыл өкмөттө таза суу орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Быйыл айыл өкмөт "Ала-Тоо булагы" таза суу долбооруна кирип, сметасы даярдалууда. Сметасы даяр болсо тендер жарыяланып, ар бир үйгө чейин таза суу киргизүүнү пландап жатабыз», - деди С.Гүлжигитов.

Керме-Тоо айылында учурда 9 миң адам жашайт. Жалпы 8 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×