Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ош

Керме-Тоодогу окуучулар авариялык мектептеги суук класстарда бир партада үчтөн отурууга аргасыз (фото)

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбар айылындагы № 31 Т.Бекенов атындагы орто мектебинин бир имараты жараксыз абалда. Окуучулардын саны көп болгонуна байланыштуу жараксыз имаратта да учурда билим берүү улантылып жатат.

Имаратта жылытуу системасы да жакшы иштебегендиктен класстар жылыбайт. Класстардын тардыгынан бир партада 3 окуучу отуруп билим алып келишет. Аймактык кабарчы мектептин абалы менен жеринен таанышып келди.

Аталган мектеп 1987-жылы ашар жолу менен курулган. Китепканачы Майрам Атабекованын айтымында, мептеп 3 имараттан турат.

«Бул мектептин биринчи имараты 1987-жылы ашар жолу менен курулган. 2 жылдан кийин 2-3-имараттары да курулду. Жалпы 10 класстык бөлмө бар. Мектептин курулушу мамлекеттик стандартка туура келбейт. Анткени баардык класстар тар. Ар бир класска эки катардан 10 партаны араң батырганбыз. Ар бир класста 27-28 окуучу окуйт. Класстардын тардыгынан бир партага 3 окуучу отурууга аргасыз. 2 жыл мурун жер титирөөдө үчүнчү окуу имаратыбыз жарактан чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дагы жараксыз деген корутундусу бар. Мен китепканада отурам. Китепканабызга электр зымдары да тартылган эмес. Ичи суук, дубалда жаракалар бар. Буга карабай балдарды китеп менен камсыздап келебиз», - деди М.Атабекова.

Мугалимдердин айтымында, бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен учурда жараксыз деп табылган имаратта ийримдер өткөрүлүп, окуучулар предметтик олимпиадаларга даярданышат. Мектептин жыйындар залы, спорт залы да жок. Мындан улам окуучулар ысык-суукка карабай иш-чараларды, дене тарбия сабагын эшикте өткөрүшөт.

8-класстын окуучусу Самат Арзыбаевдин тилегени жаңы мектептүү болуу. Ал башка окуучулар сыяктуу спорт залы бар мектепте окугусу келет.

«Жамгыр жааса да, кар жааса да дене тарбия сабагын эшикте өтөбүз. Мектеп дагы суук. Биз дагы башка мектептин окуучуларындай жаңы мектептүү болгубуз келет», - деди С.Арзыбаев.

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбай Гүлжигитовдун айтымында, жаңы 275 орундуу мектептин долбоору даярдалууда. Быйылкы жылы мектептин курулушун баштоо күтүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1514
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×