Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Аравандагы милиционер 7 миң сом пара алып жатканда кармалды

Turmush -  Ички иштер министрлиги мыйзамды бузуп, милициянын аброюна шек келтирген кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо иштерин улантып жатат. Бул багыттагы текшерүү учурунда Оштун Араван районундагы аймактык милиция кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 17-январь күнү 22 жаштагы Х.Ш. аттуу жаран тиешелүү органга кайрылып, милициянын майоруна карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, милиционер соода-сатык дүкөнүнүн иштөөсүнө жолтоо болуп, 200 доллар сураган. Жогорудагы факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) жана 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.

18-январь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында аймактык милиция бөлүмүнүн мекемесинде аймактык милиция кызматынын башчысы 7 миң сом акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган. Кылмыш ишин толук иликтөө үчүн кармалган милиция кызматкери камакка алынды. Эми тергөө иштерин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы жүргүзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1192
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×