Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАраван району 17.01.2018 13:16 На русском

Фото - 3 эмдүү болгон аравандык үй-бүлө 9 баласы менен шарты жок 1 бөлмөлүү үйдө жашайт

Turmush -  Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Керкидан айылындагы 1 бөлмөлүү шарты жок үйдө 3 эм торолуп жатат. 3 эмдин атасы Таир Маматовдун айтымында, учурда бир бөлмөлүү үйдө 11 адам күн кечиришет.

Үч эм Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүндө 2017-жылдын 21-декабрында төрөлгөн.
Шаардык төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Кыпчакбаева билдиргендей, 3 эмдин экөө кыз, бири уул бала. Биринчи кызы 2 кг 100 грамм, экинчи кызы 2 кг 100 грамм, үчүнчүсү 2 кг салмакта төрөлүшкөн. Аларды ата-энеси Аида, Мадина жана Али деп аташты.

3 эм төрөгөн 37 жаштагы Умида Жумабаева буга чейин 6 баланын (5 кыз, 1 уул) энеси болчу. Эми жубайлар 9 баланын (7 кыз, 2 уул) ата-энеси болушту.

Кожоюндун айтымында, өзү жалгыз иштеп, азык-түлүк, балдарына кийим табууга аракет кылууда.

«Үйүбүз атамдан калган. Улуу балдарыбыз мектепте окушат. Учурда алар ымыркайларды багышып, апасына жардам берип жатышат. Район акими 10 миң сом акчалай жардам көрсөттү, айылдык депутаттар дагы 3,5 миң сом жардам беришти. Учурда 3 эмдин ар бирине 10 сотых жер берилет деп жатышат. Айыл өкмөт тарабынан 1 тонна көмүр алганбыз.

Мен дыйканчылык менен гана тиричилик кылып, тапкан кирешем балдарымдын тамак-ашынан, кийим кечесинен ашпайт. Үй курууга чамам жетпей жатат», - деди ал.

Аймактык кабарчы бул үй-бүлө жашаган үйдүн полу жок, чатыры жука экенине күбө болду. Жаш үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар (0776) 12 02 72 номуруна байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×