Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуАраван району 28.12.2017 15:55 Жаңыланды: 28.12.2017 17:38

Аравандык 3 эмдин ар бирине жер бөлүнүп, акчалай белек беришти (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүндө 21-декабрда төрөлгөн 3 эмдин ар бирине Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү тарабынан 10 сотыхтан жер тилкеси бөлүнүп берилди. 3 эмге Аида, Мадина, Али деген ысым ыйгарышканы маалым болду.

Райадминистрациядан кабарлашкандай, бүгүн, 28-декабрда район акиминин атынан орун басары Музафар Мамасеитов төрөтканага барып, ымыркайлардын ата-энесине 10 миң сом тапшырды. Ошондой эле, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери баалуу белектерди беришкен.

Үч эм

Бактылуу эне — Оштогу Араван районунун алыскы Төө-Моюн айыл аймагынын Керкидан айылынын 37 жаштагы тургуну Умида Жумабаева.

Буга чейин Кызыл-Кыя шаардык төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Кыпчакбаеванын билдиргендей, 3 эмдин экөө кыз, бири уул бала. Биринчи кызы 2 кг 100 грамм, экинчи кызы 2 кг 100 грамм, үчүнчүсү 2 кг салмакта төрөлүшкөн. 3 эм төрөгөн аял буга чейин 6 баланын (5 кыз, 1 уул) энеси болчу. Эми жубайлар 9 баланын (7 кыз, 2 уул) ата-энеси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×