Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Ош

Аравандагы ар бир мектепте эрте турмуш куруунун алдын алуу аракеттери улантылып жатат, - райадминистрация

Turmush -  Араван районундагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Араван райондук администрациясынан билдиришти. Атайын жыйында балдардын өз өмүрүнө кол салуусуна жол бербөө жана кыздардын эрте турмушка чыгуусун алдын алуу боюнча талкуу болду.

«Баланын тарбиясын жакшыртууга, кечинде өз алдынча көчөгө чыгарбоого жана ар дайым көзөмөлгө алуу айтылууда. Эрте турмуш куруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эгерде мындай жагдайлар катталса мыйзам талаптарына ылайык чара көрүлө турганы белгиленди. Бүгүнкү күндө мындай жыйындар бардык мектептерде өтүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрүү иштерин райондук администрациянын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери жүргүзүүдө.

Буга чейин Араван районунда көптөгөн жаш кыздар жашы өткөн эркектерге экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыгууга аргасыз болуп жатканы талкууга алынган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×