Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 27.10.2017 09:31

Акыркы суткада өлкө аймагында 14 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 27-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Араван районунун Анаров айыл аймагында 2 кабаттуу бастырмадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 75 чарчы метр чатыры, 3 тонна чөп, 2 тонна саман жана 1,5 тонна жүгөрү бакалы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө этиятсыздык себеп болгон.

Бишкектеги Ленин районунун Мурманск көчөсүндө «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (мамлекеттик номуру В61-08Е) толугу менен өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×