Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 30.08.2017 10:15

Акыркы суткада өлкө аймагында 36 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 36 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 30-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу акыркы суткадагы бир катар өрт кырсыктарына себеп болду. Ушундай себеп менен Оштун Араван районундагы Кара-Жантан айылындагы турак үй өрттөндү. Өрт учурунда үйдүн жыгач шыбы, дубалы, эшик-терезелер, муздаткыч жана үй эмеректери күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×