Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 25.07.2017 14:44

Араванда тамак-ашка уулангандар көбөйдү, - дарыгер

Turmush -  Араван районунда жай айларында дарбыз, коондон уулангандар көбөйдү. Араван аймактык ооруканасынын директору Усманжан Мамажанов билдиргендей, учурда ооруканага күн сайын 3-5 адам жардам сурап кайрылууда.

«Ооруканага күн сайын дарбыз коондон жана башка тамак-аштардан уулангандар кайрылууда. Бир күндө 3-5 бейтап келет. Алардын көбү жаш балдар. Көп сандагы ууланууга аймактагы дарыгерлердин элге түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзбөгөнү себеп болушу мүмкүн», - деди ал.

Райондо жыл башынан бери тамак-ашка ууланып 184 бейтап кайрылса, алардын 90%ын жаш балдар түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×