Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн депутаттын кош жарандуулугуна байланыштуу Россиядан кат күтүп жатышат

Turmush -  Араван районунун Юсупов айылдык кеңешиндеги депутаттын кош жарандуулугу боюнча арыздын негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат. Ага байланыштуу айыл өкмөт башчысын шайлоо күнү белгилене элек, деп билдирди БШКнын Араван районундагы жооптуу өкүлү Саида Кудайбердиева.

«Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы качан шайлана турганы азырынча белгисиз. Жергиликтүү эл өкүлү Н.Каримовдун кош жарандуулугу боюнча депутаттардан арыз түшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясы бул арызды карап чыгып, Россияга кат жөнөтүлгөн эле. Азырынча катка жооп келе элек. Жоопту күтпөй шайлоо күнүн белгилесек депутаттын укугу бузулат», - деди ал.

Юсупов айыл өкмөтүндө 31 депутат бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1737
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×